"Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН" "Улуттук ипотекалык компания" тарабынан сыйлыка ээ болду
"Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН" "Улуттук ипотекалык компания" нын "Мыкты банк" номинициясында 2-орунду ээлеп, сыйлыка ээ болду.
"Улуттук ипотекалык компания" өнөктөшүбүздүн тарабынан мындай сыйлыкты алуу биз үчүн абдан жагымдуу болду. Себеби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” долбоору башталгандан бери көп иш жүргүзүлдү. Бүгүнкү күнгө карата биздин Банк аркылуу 400 адамга 420 млн. сомдон ашык насыя берилди. 2018-жылы ипотекалык кредиттерди берүүнү өнүктүрүүгө жана "Улуттук ипотекалык компания" менен тегиз иштөөнү улантабыз деп- Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН ААКнын Башкармасынын биринчи Орун Басары Жаркынбек Сагындыков билдирди"
Биздин Банк республика боюнча ипотекалык насыяларды берүүдө.
Жеке турак-жай куруу программасынын алкагында биринчи ипотекалык кредит биздин банк аркылуу берилген жана биз Кыргыз Республикасында биринчи ипотекалык түйүнүн берилген банк болуп саналабыз.