МИКтин 3000-чи зайымчыны куттуктоо

25 бугу 2018

"Мамлекеттик ипотекалык компания" орношкон учурунан баштап 3000 насыядан жогору каржылап кеткен. 3000-чи зайымчы - Момолоева Жаркынай, көзү көрбөгөн жана жакшы көздөрү көрбөгөн балдар үчүн интернаттын тарбиячысы, Ош шаарынын тургуну болуп саналат. Момолоева Жаркынайдын коомдук портрети ченөлчөмдөргө жараша болгон себебине, "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК, "КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы" аркылуу берилген 3000-чи насыяны каржылап берди.

"КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы" МИКнын өнөктөшү болуп саналат, жана өнөктөштүктө "Жеткиликтүү турак жай" программасын кошо ишке ашырат.

Момолоева Жаркынай интервьюсунда, МИК өз үйлүү болгонуна мүмкүнчүлүктү бергенин айтып берди:

“Биз жолдошум экөөбүз 4 баланын ата-энеси болуп саналабыз, ушул убакытка чейин биз кайын эне жана кайын ата менен жашап келдик. Бирок балдар чоңойгондон кийин, биз  өз үйүбүздү алуу үчүн аракет кылып баштадык. 

"МИКтин" жардамы менен биз 4 бөлмөлүү үйгө ээ болдук. Эми мен так айтсам болот, өз үйлүү болдук, эгерде үйүбүз шаардын центринде болбосо дагы.

Жолдошумдун ата-энеси жана туугандары өз малдарын сатып, биринчи төлөмдү берүүгө жардам көрсөтүштү. Ошол себептен биз бир миллион сомдон ашык суммадан насыя алдык.

Биздин үй-бүлөгө плазмалык телевизорду белек кылышты. Баардык үй-бүлө мүчөлөрүнүн кубанычын айта албайм, себеби эми биз залда телефизорду орнотуп кино же передачаларды көрсөк болот!"

Жанылыктар