"Чың денеде - чың рух" балдар сүрөт сынагы!

15 бугу 2019

Урматтуу кардарлар жана өнөктөштөр,

2019 жылдын 16 майдан балдар сүрөтүнүн сынагын башталганын жарыялайбыз.

Сынакта 14 жашка чейинки балдар катышса болот.

Сүрөттү сынактын "Чың денеде - чың рух" темасына карата тартып, ата-энелер баланын чыгарчасын биздин жюриге, төмөнкү мүмкүнчүлүктөр менен берип жиберсеңиздер болот:

  1. marketing@cbk.kg электрондук дарекке
  2. Банктын бөлүмдөрү аркылуу, баланын аты-жөнүн, кайсы бөлүмгө сүрөттү калтырганыңызды Контакт борборуна айтып

Сүрөттөргө талаптар:

  • каалаган материалда (ватман, картон, холст ж.б.)
  • каалаган техникада (масло, акварель, тушь, боор, түстүү карандаш ж.б.)
  • А4 форматында
  • берилген тематикага ылайыктуу

Конкурстун катышуучулары жашка ыйлайыктуу 3 тайпага бөлүнгөн:

  • 5 жашка чейин
  • 6 жаштан баштап 10 жашка чейинки
  • 11 жаштан баштап 14 жашка чейинки

Ар бир жашка ылактуу тайпада өз жеңичүүсү аныкталат.  

Иштер 28-майга чейин кабыл алынат. Ал эми конкурстун жыйынтыгы май 31 жарыялайбыз!

Жанылыктар