Насыяны терминалдар аркылуу кантип төлөсө болот?
2 чын куран 2020
Насыяны төлөө үчүн Банкка бара албай жатасызбы? Аны биздин өнөктөштөр PAY 24 терминалдары аркылуу төлөөгө болот:
- Негизги менюдан "Банктык жана финансылык кызматтарды" тандаңыз
- "Насыяларды жана зайымдарды кайтаруу" дегенди тандаңыз
- Андан кийин, биздин логотип менен баскычты басыңыз
- ИНН ди жазыңыз (ИНН паспортуңузда көрсөтүлгөн)
- Маалыматтарды текшериңиз
- Төлөө суммасын киргизип, комиссияны тактап, төлөөнү ырастаңыз.
Төлөмдөр жумасына 7 күн кабыл алынат.