Банкка келбей өз картаңызды MBank Online га кошуңуз!
11 бугу 2020
Сизде биздин Банктын картасы бар, бирок MBank Online кызматына кошконго жетишпей калдыңызбы?
Өзгөчө кырдаал учурунда (covid-19) сиз банкка келбестен, сайт аркылуу өзүңүздүн картаңызды ушул кызматка байлай аласыз!
1. https://www.cbk.kg/mb веб-сайтына өтүңүз
2. "Подключить" баскычын басып, баардык маалыматтарды толтуруңуз
3. Жеке инсандыгыңызды тастыктоо үчүн, өзүңүздүн колуңузда турган паспортуңуздун сүрөтүн (selfie) WhatsAppка +996 770333369 же Telegram cbkkg_bot номерине жөнөтүңүз.
4. Кезек менен, биздин операторлор сиз менен байланышып, кызматты кошушат.
МBank Online туташуу менен сиз:
- Акчаларды эсептер арасында, телефон номери, реквизит боюнча которо аласыз
- Россиядан Сбербанк аркылуу акча которууларды ала аласыз
- "Маркет" бөлүмүндө азык-түлүк, гүлдөр, белектер, дары-дармектер, буюмдарды тапшырып, төлөөгө болот. 600 сомдон жогору буйрутмалар үчүн, жеткирүү акысыз
- Үйүңүздөн чыкпай эле коммуналдык кызматтарга, уюлдук байланышка, интернетке, салыктарга, айыппулдарга жана башкаларга төлөңүз
- Элсом, Элкарт мобайл, О!Деньги жана башкалар менен өзүңүздүн капчыктарыңыздан карталарды толтуруңуз
- Ар бир төлөм сакталат жана дүмүрчөк менен ырасталат. WhatsApp, Telegram ыкчам мессенджерлеринин жардамы менен башкаларга жөнөтсөңүз болот
- Биздин Банктын, ошондой эле микрокредиттик уюмдардын жана башка банктардын насыяларын төлөй аласыз
- Карталарыңыздагы калдыктарды текшере аласыз
- Жоголгон учурда картаңызды блокко коюуга болот