Биздин Банк Кыргыз Республикасында биричилерден болуп ипотекалык күрөөлүк кагаздарды чыгарды

23 тогуздун айы 2017

Урматтуу кардарлар, өнөктөштөр!  

"Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН" Кыргыз Республикасынын аймагында биричилерден болуп ипотекалык күрөөлүк кагаздарды чыгарды. Ипотекалык күрөөлүк Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020"  программасынын алкагында чыгарылды.

Бул "эмиссия" Мамлекеттик ипотекалык компания менен Банк ортосундагы иш аракеттин натыйжасында ишке ашты. Ипотекалык күрөөлүк кагаздардын чыгарылышы баалуу кагаздар базарынын өнүгүшүнө зор салым кошот.

 

Эскертүү:

Ипотекалык күрөөлүк – мыйзамдуу ээсинин төмөнкүдөй укуктарын ырастаган энчилүү баалуу кагаз:

•акчалар боюнча милдеттенмелердин бар экендигине башка далилдерди бербей туруп ипотека менен камсыз кылынган, ошол милдеттенмелерди аткарууга алынган укук;

•ипотекага байланган мүлктүн эсебинен ипотека менен камсыз кылынган милдеттенмелерди канааттандырууну алуу укугу;

 

Жанылыктар