"2018 жылдын активдүү Элкарт карталардын саны боюнча Мыкты Банк" сыйлыгын "КЫРГЫЗСТАН Банкы" алды

9 бештин айы 2018

«Элкарт карталардын көлөмүнүн сапаттуу көрсөткүчтөрү үчүн танылуу бизге чоң сыймык. Анткени, улуттук төлөм системанын Элкарт карталырдын  эмиссия боюнча проектти башталган заматта Банктын бардык бөлүмдөрү менен аябай чоң иштер жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө биздин Банкта тейленип жаткан бардык төлөм системалары боюнча чыгарылган карталардын жалпы санында, 345 миң кардар активдүү болуп саналат. Бул банктын карталык портфелинин 60% артык эсептеленет» - «КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкынын» ААКдун Башкы Төрөгасынын орун басары Гривцова Аминат белгилеп кетти.

"КЫРГЫЗСТАН Банк» Элкарт, Visa, Золотая Корона - төлөм системалардын карталарын чыгаруу жана тейлөө кызматтарын ишке ашырат, жана дагы РayWave технологиялары менен контактcыз карталар да чыгарылат. Карта тейлөө боюнча Банктын инфраструктурасында Республика боюнча 205 банкомат жана 800 ашык pos-терминал эсептеленет.

«2019 жыл өнүктүрүүнүн кийинки этапы болот, биздин планда банкоматтардын, pos-терминалдардын паркын чоңойтуу, катар маанилүү проекттерди Банк аралык процессинг борбору менен кошо реализациялоо. Келе жаткан жылда биздин кардарларды көп жаңы нерселер күтөт - Эшеналиев Таалай Банк карталардын башкармалыгынын башчысы белгиледи.

Жанылыктар