VISA виртуалдык карталары

VISA виртуалдык карталары — бул пластик колдонуусу жок чыгарылган эл аралык төлөм Visa картасы.  Анын реквизиттери (номери, жарактуулук мөөнөтү) MBANK мобилдик тиркемесинде сакталат, Банк катталгандан кийин телефон номерге CVV/CVC кодду SMS аркылуу жөнөтөт.

 

ВИРТУАЛДЫК КАРТАСЫНЫН АРТЫКЧЫЛЫГЫ:

Акысыз жана ыңгайлуу чыгаруу

Картаны Кыргызстандын жараны MBANK аркылуу дүйнөнүн каалаган жеринен Банктын кеңсесине барбастан чыгара алат. Виртуалдык VISA картасы бир нече секунданын ичинде заматта чыгарылат – анын жеткирилишин күтүүнүн кереги жок, аны дароо колдоно баштасаңыз болот.   

Дүйнө жүзү боюнча товар төлөмдөрү

Виртуалдык карта менен интернет-дүкөндөрдөн, анын ичинде чет өлкөлүк дүкөндөрдө сатып алуулар үчүн, ошондой эле каалаган кызматтарга (Yandex, Netflix, IWI, iTunes ж.б.) жазылуулар үчүн ыңгайлуу төлөй аласыз.

Коопсуз интернет төлөм

Карта пластикке караганда коопсузураак, картаңыздын номерин же CVV кодун эч ким көрбөйт. Ошондой эле онлайн төлөмдөрдү жүргүзүүдө пластикалык банктык картаңыздын реквизиттерин ишенимсиз жерге “калдырып” калуу коркунучун азайтат.

Картаны акысыз толуктоо

Виртуалдык картаны 10 000ден ашык терминалдарда, ошондой эле бүтүндөй Кыргызстан боюнча өнөктөштөрдүн башка электрондук капчыктары аркылуу акысыз толтуруу.

Кызматтарды башкаруу

Виртуалдык картаны бир-эки секундада кантип каттоо керек?

1. MBANK'ка кириңиз. Негизги "Жаңы продуктту ачуу" баскычын басыңыз.

2. Андан кийин бир продукт тандоо керек. "Виртуалдык картаны чыгаруу" баскычын басыңыз.

3. Кыскача маалымат менен таанышып, "Картаны алуу" баскычын басыңыз.

4. Картаны кайсы валютада ачкыныз келсе тандаңыз. Бааларды текшерип, "Алуу" баскычын басыңыз.

5. Бир нече секунддан кийин карта даяр болот.

6. Ачылгандан кийин карта дароо MBANK'та пайда болот. Ал дароо колдонуу үчүн жеткиликтүү болот.

7. Банк картаңыздын реквизиттерин жана CVV/CVC-кодун менен SMS жөнөтөт.

8. Виртуалдык картанын калган маалыматтары сиздин тиркемеңизде сакталат жана сиз үчүн гана көрүүгө жеткиликтүү.

9. Эгер SMS убакыттын өтүшү менен жоголуп кетсе, анда картанын реквизиттерин MBANK аркылуу кайра жөнөтүүгө мүмкүнчүлүгү ар дайым бар.