Бизнести каржылоо программасы боюнча Россия-Кыргыз өнүгүү Фондусунун инвестициялык насыялары
2016-жылдын 25-майында Россия-Кыргыз өнүгүү Фонду менен "Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН" ААКтын ортосунда чакан жана орто бизнести финансылоого насыялык каражат берүү тууралуу Келишимге кол коюлду.
Шарттары:
Насыянын максаты |
Төмөнкү тармактар боюнча негизги каражаттарды сатып алуу, жаңыртуу жана кеңейтүү: агро өнөр жай комплекси, тигүү жана текстил өнөр жайы, кайра иштетүү өнөр жайы, иштетүүчү өнөр жай, тоо-кен жана металлургия өнөр жайы, транспорт, медициналык кызматтар, инфраструктураны өнүктүрүү (туризм инфраструктурасын кошо), жана башка өнөр жай багытындагы узун мөөнөттүү инвестициялар. |
Валюта | Кыргыз сому, АКШ доллары |
Пайыздык чен |
Сом менен жылдык 9% пайыздан, АКШ доллары менен жылдык 5 % пайыздан *Эффективдүү пайыздык чен барабар сом: 9,5%, доллар/евро : 5,2% |
Мөөнөтү | 60 айга чейин |
Жеңилдетилген мөөнөт | 9 ай (12 айга чейин караштырса болот) |
Сумма |
100 000 ден 1 000 000 АКШ долларына чейин (кыргыз сомунда эквиваленти) |
Комиссия | Алынбайт |
Кардардын өздүк кошумчасы |
Долбоор наркынан 15% дан кем эмес кошумча. Ошондой эле биргелешкен каржылоо булагы катары чакан жана орто бизнестин долбоорго салган салымы каралыш керек. Долбоорго салым катары төмөнкүлөр каралышы мүмкүн: нактайлай жана накталай эмес акча каражаттары; долбоордун капиталдык чыгашаларына инвестицияланган финансылык ресурстар. |
Максаттык группа |
Кыргыз Республикасында катталган жана ишмердуулугун 24 айдан кем эмес (кыргыз-россия биргелешкен ишканалар учун 12 айдан кем эмес) чакан жана орто бизнестин (ЧОБ) субъектилери. Ошол эле учурда төмөнкү шарттар аткарылыш керек: ЧОБтун (МСБ) мурунку жылы жалпы түшкөн каражаттын көлөмү 200 млн. сомдон ашпашы керек; Ишкерлердин орточо саны 250 кишиден ашык эмес; ЧОБтун уставдык капиталында, мамлекеттик, коомдук жана диний уюмдардын жана башка фонддордун үлүшү 5 пайыздан ашпаш керек; ЧОБтун уставдык капиталында, бир же бир нече юридикалык жактарга тийешелүү үлүштөр 50 пайыздан ашпаш керек; Насыя берилип жаткан ЧОБ Банкка же/жана Фондко байланышы бар жак же инсайдер болбошу керек; Займчыга банкроттук тууралуу иштери козголбошу керек (уставдык капиталында 51% дан ашык үлүшү бар жактарга). |
Кайра каржылоо шарттары |
Озгөчө кырдаалдарда гана насыянын бөлүгү кайра каржылоого багытталышы мүмкүн. Ошол эле учурда төмөнкү шарттар аткарылыш керек: Кайра каржылоо үлүшү насыянын суммасынан 30% нан ашпашы керек; Кайра каржылануучу насыя инвестициялык максатта колдонулуш керек жана ишке ашып жаткан долбоор менен байланыштуу болуш керек; Кайра каржылануучу насыянын максаттуу колдонулушу тиешелүү документтер менен тастыкталышы керек (эсеп боюнча выписка, келишимдер, счет-фактуралар, инвойстор, ГТД, актылар, төлөм документтер ж.б.) Кайра каржылануучу насыянын мөөнөтү арыз берип жаткан мөөнөттөн 6 айдан ашып болбошу керек; Кайра каржылануучу насыянын негизги суммасы жана пайыздары боюнча төлөмдөрдө кечигүүлөр болбошу керек; Кайра каржылануучу насыянын реструктуризациянын болбошу. |
Банк кардарларынын бизнес пландарын даярдоо боюнча Банктын өнөктөш-компаниялары |
Чакан жана орто бизнес субъектринин РФ-КР программасы боюнча насыяларды алуу үчүн арыздарды карап чыгуу мөөнөттөрүн тездетүү максатында, Банк кардарлардын бизнес пландарын даярдоо боюнча төмөндөгү компаниялар менен кызматташуу боюнча келишимдерге кол койду:
2. Центр оценки, ЗАО холдинговая компания «Славянский восток», 3. Международная исследовательская-консалтинговая компания, ОсОО «М-Vector». Адрес: г. Бишкек, ул. Исы Ахунбаева 42а, тел.: +996 (312) 97-92-93, 97-92-94, +996 (555) 77-31-84, +996 (770) 06-06-08 Адрес: г. Ош, ул. Курманжан Датки 280, ком.12, тел./Факс: +996 (3222) 2-53-90 4. ОсОО Юридическая фирма «Марко Эгида». Адрес: г. Бишкек, ул. Киевская, 95а, тел: +996 (312) 66-78-17, 66-19-69, +996 (779) 20-68-88, +996 (559) 206888, эл.почта: marcoegida@gmail.com 5. ОсОО «Virtus Consult». Адрес: г. Бишкек, ул. Исанова, 18, тел: +996 (312) 90-10-06, +996 (772) 55-55-95, эл.почта: v_consult@mail.ru 6. ОсОО Финансово-консалтинговая компания "АТО-Финанс". Адрес: г. Бишкек, ул. Московская, 163/6/ Тел: +996 (555) 90-07-80, +996 (557) 90-01-19, Эл.почта: ato.finance.consult@gmail.com Чакан жана орто бизнес субъекттери кызматташуу үчүн компанияларды өз алдынча тандоого укугу бар. |
* Урматтуу кардарлар, эгер Сиз насыя берилип жатканда же арыз даярдап жатканда Банктын кызматкерлери тарабынан негизсиз талаптарына же иш-аракеттерине жолуксаңыз, ошол замат Банктын Контакт-борборуна 0 312 61-33-33 телефону же +996 770 33-33-69 WhatsAp аркылуу кабар берсеңиз болот.
Кайрылуулар Банктын жетекчилиги тарабынан текшерилип каралып чыгат.
эсептегич