Нускама - Онлайн насыя

Эми Банкка КЕЛБЕЙ насыяны алуу реалдуулук болуп калды!

Бул үчүн MBank Online тиркемесинде насыяны онлайн алууга өтүнмө берүү эле жетиштүү:

  • Банкка келбестен.
  • Келишими жок.
  • Документтери жок.
  • Кепилдиксиз.

Онлайн эмгек акы насыясын алуу шарттары:

  • Тиркемени акыркы версиясына чейин жаңылаңыз:   Android   /   iOS

  • Онлайн насыя «КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы» ААКтын карталары аркылуу эмгек акысын алган адамдарга гана берилет.
  • 15 000 сомдон жогору суммага өтүнмө түшсө, Сиз Банкка чакырыласыз.

 

Онлайн эмгек акы насыясын кантип алса болот?

Android базасындагы тиркеменин колдонуучуларына:

1. «MBank Online» тиркемесине кирүү. «Меню» Меню, «Дагы» белгилерин басып, «Онлайн насыяны» тандоо керек.

 

2. Каалаган мөөнөттү, сумманы жага насыянын төлөө күндөрүн тандоо керек.

Кийин «Улантуу» басуу керек. SMS менен келген кодду жазып жана  насыяны алуу айкын офертасы менен таанышып чыгыңыз. Андан кийин суроо-талапты тариздеңиз.

  

3. Өтүнмөнү тариздеген соң, оң чечим чыгарган шартта акча каражат эсебиңизге чегерилет.

 

iOS базасындагы тиркеменин колдонуучуларына:

1. «MBank Online» тиркемесине кирүү.

2. «Дагы» белгисин басып, «Эмгек акы насыясын» тандоо керек.

3. Өтүнмөнү тариздеңиз жана насыяны алуу айкын офертасы менен таанышып чыгыңыз. Андан кийин «Суроо-талапты жиберүү» кнопкасын басыңыз.

4. Өтүнмөнү тариздеген соң, оң чечим чыгарган шартта акча каражат эсебиңизге чегерилет.

кайра байланыш кайра чалуу +996 (770) 33 33 69 cbkkg_bot